Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Кыргызстан

Вячеслав Абдрашитовдун сүрөттөрү.
Вячеслав Абдрашитовдун сүрөттөрү.

Ай-жылдыздын нуруна бөлөнгөн түнкү талаа, фонтанда ойногон балдар, асман мелжиген имараттарга толо шаарлар, борборду каптаган ыш. Мунун баары абактагы адамдар тарткан сүрөттөр...

Эмен багындагы Чуйковдун үй-музейинде 18-декабрда Жаза аткаруу кызматы эл аралык уюмдардын колдоосу менен сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Авторлор абакта жаткандыктан алардын эмгектерин мекеменин адистери тааныштырып жатты.

Көргөзмөдө №27 абакта отурган Кулматов аттуу жарандын бир канча сүрөтү коюлган.

"Бул сүрөттү тарткан кезде сасык тумоолоп калган. Ошол кыйналып жатканда түш көргөн. Анан ойгонору менен ошол түштү тарта баштаган", - деди ички кызматтын майору Азиз Рахманов жылдыздуу талаа тартылган эмгектин маанисин чечмелеп.

“Бул сүрөттө шам чырак тартылган. Муну эки мааниде тарткан. Автордун чоң ата, чоң энеси убагында ушинтип шам жарыгы менен китеп окуганын элестетип айткан. Экинчи мааниси бул өзүнүн турмушу. Караңгы жолго түшкөнүн айткан. Ошого карабай жарык жолго умтулуп жатат. Бул сүрөттү болсо кыялын тарткан. Чоң шаарларга саякаттап барууну кыялданат экен. Ошону элестеткен. Ал эми бул шаарды каптаган ыш. Биз жактан шаар көрүнүп турат да”, - дейт Рахманов.

"Ыш"
"Ыш"


“Үмүттүн кыл калеми” көргөзмөсүнүн баннерине Вячеслав Абдрашитов аттуу адамдын сүрөтү жайгаштырылган.

Өмүр бою эркинен ажыратылган бул адам учурда №19 абакта кармалып турат. Аталган мекеменин кызматкери Руслан Копшоков ал тууралуу мындай маалымат берди.

“Сүрөттөгү адам 25 жылдан бери абакта отурат. Өмүр бою соттолгон. Мекемеде ага Пикассо деп каймана ат коюп койгонбуз. Сөзгө чечен, абдан баамчыл адам. Ошонун натыйжасында талантын тааныштырып, сүрөттөрүн коюп жатабыз. Булар төрт дубалдын ортосунда отурат. Түрмөнүн аурасы оор да. Анан калса өмүр бою кесилди деген адамга катуу сокку. Ошон үчүн биз абактагыларга арт-терапия киргизгенбиз. Ушундай мүмкүнчүлүк берген уюштуруучуларга, ЖАМК жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз”.

Вячеслав Абдрашитов.
Вячеслав Абдрашитов.

Копшоковдун айтымында, абактагы сүрөтчү убагында Москвада скульптураны окуп, бирок аягына чыкпай калган. Тагдырдын татаал жолунда жаңылган адамдын эмгектери башкалардыкынан айырмаланып турду.

Айрыкча анын күйүп жаткан шаарлар менен чайпалган деңиз ортосундагы тигилген каректери Түркияда 2023-жылы болгон жер титирөөдөн кийин тартылган экен.

Вячеслав Абдрашитовдун сүрөтү.
Вячеслав Абдрашитовдун сүрөтү.

Абдрашитовдун бир канча эмгегин көргөзмөгө келген котормочу Озер Турок жактырып, сатып алды. Бирок аларды канчага алганын айтуудан баш тартты.

“Булар баа жеткис. Буюмдун баасы башка, баалуулугу такыр башка кеп. Биз жашап жаткан дүйнөдө муну бөлүп кароого эбак эле убакыт жеткен. Мен коллекционер эмесмин. Сүрөттү баалаган адис да эмесмин. Өмүрүмдө биринчи жолу сүрөт сатып алып жатам. Буга чейин алган эмесмин. Маданият таануучуларды, тарыхчыларды урматтоо менен айткым келет. Сүрөттөрдү жан дүйнөмө жакканы үчүн эле сатып алдым. Мен өзүм синхрондук котормочумун. Түрк тилинен орус тилине котором. Кыргызстанда 12 жылдан бери жашайм”.

Озер Турок Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Бердикожев менен сүйлөшүп турат.
Озер Турок Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Бердикожев менен сүйлөшүп турат.

Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Бердикожоев бул мекеме уюштурган биринчи көргөзмө экенин айтты:

“Биздин коомдо соттолгон адамдар жакшы эмес деген стереотип калып калган. Мыйзам бузса эле жакшы эмес, оңолбойт деп ойлошот. Бул жерде адамдын коомго кошулуу аракети да болуп жатат. Жөн эле сүрөт эмес, бул үмүт. Азыркы көргөзмө аркылуу бул адамдар коомго, үй-бүлөсүнө керек экенин айткыбыз келет. Ушундай көргөзмөлөр аркылуу соттолгон адам дагы биздин жаран экенин билдирүү. Биз жакында эле ЖАМКда биринчи жолу №2 абакта отурган аялдар менен түзөтүү абагында отурган эркектердин ортосунда “Сармерден” өткөрдүк. Маданий иш-чаралар аркылуу соттолгондорду коомго кошкубуз келет. Бизде ошол багытта көп иштер жүрүп жатат. Абак системасында окуу, өнөр үйрөткөн борборлор ачылган, китепканалар бар”.

Көргөзмөгө Жашы жете электердин колониясында отурган өспүрүмдөр тарткан сүрөттөр да коюлган.

“Унутулган балалык” аттуу эмгекте Бишкектин эмен багындагы фонтанда сууга түшүп жаткан чыт курсактарды көрүүгө болот. Автор анда маркум атасынын балалыгын тарткан экен.

"Унутулган балалык. Абактагы өспүрүм тарткан сүрөт.
"Унутулган балалык. Абактагы өспүрүм тарткан сүрөт.

“Бул сүрөттү Сейдахматов аттуу жаш өспүрүм тарткан. Бизге келгенде ал сүрөт тартчу эмес. Шыгы кийин ойгонду. Анан боёк, кагазын алып бердик. Апасы бар, атасы жок бала. Түйшүккө эрте аралашып, балалык доорду көрбөй калган экен. Бул сүрөттү тартканда атасынын балалыгын эстептир. Атасы кичинесинде ушул эмен багындагы фонтанга түшүп ойночу экен. Бала тогуз жашка чыкканда каза болуптур. Ошол атасы айтып бергендерин эстеп отуруп тартты. Кийин абактан бошоп чыкканда окуумду улантам деп жатат. Төрт жылдан кийин мөөнөтү бүтөт”, - деди аталган абактын кызматкери Алишер Сабыров.

Абак кызматкери Сейдахматовдун бул эмгеги сатылып кеткенин кошумчалады.

Ал эми аялдар абагынан көргөзмөгө бир гана сүрөт коюлган. Затампуй Ампуйи аттуу автордун сүрөтү "Амстердам" деп аталат. Андан Нидерланддын борбору күз кучагында жатканын көрүүгө болот.

"Амстердам".
"Амстердам".

Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр миң сомдон тартып, 5-6 миңге чейин бааланып, көбү сатылып кетти.


Буга чейин ар кандай саясий иштер менен камалып чыккандар абак жайларынын шартын оңдоо, ал жерде отургандарды билимге, өнөргө үйрөтүп, коомго кошуу зарылдыгын айтып келишет.

Арасында камалгандан кийин мурда байкабаган шыгы ойгонуп же китеп жазгандар да жок эмес.

Пикирин ачык айтканы эки жолу камалып чыккан активист Афтандил Жоробеков буларды айтты:

“Абакта аябай оор да. Мен ар кандай адамдар менен отурдум. Арасында адам өлтүргөнү бар, маңзат менен кармалгандар бар. Ал жерде отурганда адам ойго батат. Эркиндиктин, жакындарынын кадырын сезет, кетирген катасына өкүнөт. Өмүр бою камалгандардыкы андан кыйын. Ошол жерден чыкпасын, туулган айылын эч качан көрө албасын билет. Бирок алар деле үмүт менен жашайт. Балким мынча жыл отурсам, жашоом жеңилдейт деп ойлойт. Мен мисалы китеп окудум. Кат жаздым. Ошол жерде эмне болгонун жаза берчүмүн. Мурдагы камалганда Драйзердин үчилтигин окугам, кийинки камалганда Куранды, Мухаммед, Жусуп пайгамбарлар жөнүндө окудум. Жусуп пайгамбар деле зынданда бир канча жыл отурган. “Комиссар Катани” тууралуу окудум. “Анна Каренинаны” экинчи жолу окудум. Китепти үйдөгүлөр, тааныштар да алып келип берип жатышты. Кийин чыгарда аларды камерага таштап кеттим”.

Кыргызстанда жазаларды аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар, алардын он бири - түзөтүү колониясы, ону - жатак абак, алтоо - тергөө изолятору. Мындан сырткары жабык жайларга Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык дарылоо мекемелери кирет.


Москва. Миграциялык борбор. Архив сүрөт.
Москва. Миграциялык борбор. Архив сүрөт.

Ал тапта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, чет жакта мигрант болуп жүргөн кыргызстандык жарандардын жалпы саны 800 миңдей киши экенин, соңку кезде Орусияда жашагандар арасынан бул өлкөдөн кетип жаткандар көбөйгөнүн маалымдады.

Маектешибиз Каныкей Москвада иштеп жүргөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болгон. Алгач барганда ал гипермаркетте кассир болуп иштечү. Кийинчерээк кыргызстандык кыздарды топтоп, үй тазалаган клининг компаниясын уюштурган.

Орусияда мигранттарга карата мыйзам-талаптардын, мамиленин катаалдашып баратканынан улам эки ай мурун ал үй-бүлөсү менен Бишкекке кайтууга аргасыз болгон экен. Айтымында, күйөөсү эч себепсиз эле Орусияга кире албай калган жана балдарын да ал жакта мектепке албай коюшкан:

"Акыркы бир-эки жыл, согуш (Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган - ред.) күчтөп киргенден бери, 2023-жылдан бери басым аябай күчөдү. Коомдук унаага кирсең кемпирлер, улгайып калган адамдар да жаман көзү менен карашат. Жаштар го, мейли, түшүнбөгөндүктөн дейсиң, бирок чоңдору да кылат. Мен Москванын өзүндө жүргөн үчүн ошондой мамилеге аябай көп кабылдым. Акыркы күндөрү кеч калгандан, жалгыз жүргөндөн коркуп калдым. Күч кызматкерлеринен, участкалык полициядан да "чурка", "үйүңөргө кетпейсиңерби" дегенди уктум. Миграция борборуна барсаң деле ошо".

Жакында Москва облусунун Одинцово районундагы орто мектептин 10 жаштагы окуучусу, Тажикстандын жараны Кобилжон Алиев мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Кылмышка ошол эле окуу жайдын жогорку классынын окуучусу шектелүүдө. Расмий Дүйшөмбү Москвага нота жөнөтүп, окуяны кылдат иликтөөнү талап кылды.

Орусияда соңку кезде мигранттарга каршы маанай күчөп жатканын миграция маселелери боюнча эксперт, юрист Мирлан Токтобеков да айтууда.

Мындай көрүнүш кооптонуу жаратпай койбосун белгилеген юрист мунун бир көрүнүшү катары мектепте бычакталган тажик тектүү баланын окуясын атады. Анын айтымында, азыр Орусиядагы борборазиялык мигранттар каттоо системасындагы кыйынчылыктардан тышкары эми ксенофобия (бөлөктөргө, чет өлкөлүктөргө карата коркуу жана кастык мамиле - ред.) көйгөйүнө туш болуп жатат:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

"Ксенофобиялык көз караш Орусияда азыр эки багытта калыптанып жатат деп ойлойм. Биринчиси мамлекеттик органдардын жүргүзгөн саясатынан, экинчиси жөнөкөй элдин мамилесинен байкалууда. Мамлекеттик органдардын ксенофобиясын Борбор Азиядан барган мигранттардын документтерин каттоодон көрүүгө болот. Көчөдө жүргөндө полициянын ксенофобиялык көз карашы байкалат. Ошол эле учурда жөнөкөй элде да өрчүп жатат. Элдин мамилеси эмне себептен ошондой болууда? Мамлекеттик каналдардын пропагандасынан улам. Биз ошондой болгон окуяларды Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдуктун кызматкерлерине жеткирип турабыз. Алар ошондой фактылар боюнча чыгып, миграциялык мекеменин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп калышты. Бирок бул иш дагы жетишсиз".

18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күндү жыл сайын мигрант эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында белгилеп туруу чечими 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында кабыл алынган.

Кыргызстанда быйыл аталган күнгө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жыйын өтүп, анда чет жактарда иштеп жүргөн мекендештер туш болгон көйгөйлөр талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Министрликтин маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдөн сырт жактарда 800 миңдей кыргызстандык жүрсө, алардын 341 миңи Орусияда, 60 миңи Америка Кошмо Штаттарында, 70 миңи Казакстанда жана 40 миндейи Түркияда жашап, эмгектенүүдө.

Мекеме Орусияда мигранттардын каттоого туруу, жашоо, иштөө эрежелери татаалдашканы ай сайын ал жактагы кыргызстандыктардын саны кыскарып жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, бул күндөрү 91 миң кыргызстандык Орусиянын укук коргоо тартибин органдарынын "кара тизмесинде", 128 миңи көзөмөл реестринде каттоодо турат. Аталган реестрден документин тууралап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми күч органдарынын "кара тизмесинен" чыгуу абдан татаал процесс.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдиргендей, быйылкы жылдан баштап Орусия Федерациясы көп мыйзамдарды кабыл алды, ошонун негизинде миграциялык шарттар кыйла катуулады:

Бакыт Дарманкул уулу
Бакыт Дарманкул уулу

"Жарандарыбыздын саны азайганы да ушул. Андан сырткары башка себептер да бар. Миграциялык кызмат бар Ички иштер министрлигинин алдында. Алардын жетекчилиги менен жолуктук. Дал ошол көйгөйлөрдү айттык. Андан сырткары Жогорку Кеңештин атайын топтору бар, алар менен эки жолу Мамлекеттик Думасына барып келдик".

Чет жакта иштеген кыргыз жарандарына кайрылып, министрдин орун басары аларды эгер бөтөн жерде кандайдыр бир басымга кабыла турган болсо консулдук кызматтарга кайрылууга чакырды.

Ал жакында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде мигранттарга байланыштуу соңку кырдаал талкууланганын, мамлекет башчылары Орусиядагы мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу шартын кайрадан карап көрүүнү макулдашканын билдирди.

Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанып келишет. Түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстанда алар жана башкалар да үчүн быйыл “Туңгуч” онлайн мектеби ачылды, анда 900гө жакын бала билим алууда.

Учурда ата-энеси менен тышкы миграцияда, анын ичинде Орусия аймагында жүргөн кыргызстандык балдар канча экени тууралуу так статистика жок. Мектептерде орус тили сынагы киргизилип, андан кийин дагы орун жок деген шылтоо менен балдарды албай койгон учурларды ата-энелер мигранттарга карата жалпы терс маанайдын таасири деп эсептешет.

Дарманкул уулу иштөө мүмкүнчүлүгү, шарттар Кыргызстандын өзүндө деле түзүлүп жатканын кошумчалады. Жумушчу жетишпегендиктен өкмөт чет өлкөлүктөрдү тартууга мажбур экенин белгилеп ал 2020-жылы, мисалы, сырттан жумуш күчүн тартуу үчүн 12 миң квота каралса быйыл 42 миң орун болгонун айтты.

Ал эми Кыргызстандан тыш жакта иштөөнү каалагандар, анын айтымында, жалпы 29 өлкөнүн арасынан тандай алышат. Бул үчүн министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орношутруу борборуна кайрылса болот.

Соңку эки жылдагы маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар сезондук иштерге деп көбүнчө Улуу Британияга барып келип жатышат. Үч жыл мурда бул өлкө 2,5 миң орун берген болсо, быйыл квота 10 миң болду.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG