Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Путин согуш талаасындагы ийгиликтерин айтып, чегинүүгө барбай турганын кыйытты


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынды жана "түз байланышты" согуш талаасындагы Орусиянын позициялары тууралуу ишенимдүү айтып баштады.

19-декабрдагы "Жыл жыйынтыгы — 2025" иш-чарасында Путинге журналисттердин суроолору менен Орусия жарандарынан келген, кылдат текшерилген суроолор берилип жатат.

Бул жолку жыйын АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу боюнча дипломатиялык аракеттери күчөп жаткан учурга туш келди.

Путин 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан бери дээрлик төрт жыл өттү.

"Биздин аскерлер фронт тилкесин бойлой алдыга жылып жатышат. Кээ бир жерлерде тезирээк, айрым жактарда жайыраак. Бирок бардык багыттар боюнча душман чегинүүдө", — деди Путин Москвадагы түз эфирдеги жыйын башталгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин.

Алдын ала даярдалган сценарий боюнча өтүүчү бул иш-чара адатта бир нече саатка созулат.

Акыркы айларда Путин Орусия согушта артыкчылыкка ээ экенин жана өз максаттарына жетерин бир нече жолу кайталаган.

"Жыл cоңуна чейин биз согуш майданында жаңы ийгиликтерди көрөбүз деп ишенем", — деп кошумчалады Путин.

Орус күчтөрү 1100 чакырымга созулган фронт сызыгынын бир нече жеринде украин армиясынын коргонуусун жиреп, акырындык менен алдыга жылып жатышат. Украин аскерлери сан жагынан да, курал-жарагынын көлөмүнөн да орус армиясына жетпейт.

Путин орус армиясынын ийгиликтерин өзгөчө апыртып сүрөттөп, Москванын аскерлери Украинанын Харьков облусундагы Купянск шаарын дээрлик басып алып, украин күчтөрүн курчоого алганын ырастады.

Анын бул билдирүүсү өтө талаштуу. Анткени украин күчтөрү өткөн айда орус аскерлеринин чабуулунун мизин кайтарган. Андан соң украин аскерлери Купянск шаарынын көп бөлүгүн өз карамагына алганы кабарланган. Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада аталган шаардын кире беришинен сүрөткө түшкөн.

Орусия бир нече айдан бери Киев менен Батыштын ок атышууну токтотуу чакырыктарына каршылык көрсөтүп келет жана эч кандай компромисске даяр эмес экенин билдирип, тынчтыкка карай кадамдарды татаалдаштырууда. Путин тынчтык аракеттерине Украина тоскоолдук кылып жатканын, Донецк облусунун аскерлери кармап турган бөлүгүнөн чыгып кетүүдөн баш тартып жатканын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп 15-декабрда "азыр келишимге мурдагыга караганда жакыныраакпыз" деген пикирин билдирген. Бирок Орусия менен Украинанын позициялары негизги маселелер боюнча, айрыкча аймактык көзөмөл жагынан, дагы эле кескин айырмаланып турат. Бул, өзгөчө, катуу салгылашуу жүрүп жаткан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына тиешелүү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев өз жерлеринен баш тартпастыгын жана бул маселени украин эли чечиши керек экенин айтып келатат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG