Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Кең-Сайдагы курулуш боюнча дагы алты киши кармалды


Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө бир канча жылдан бери аракет жасалып келе жатат.
Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө бир канча жылдан бери аракет жасалып келе жатат.

Ош облустук милициясы Кең-Сай массивиндеги мыйзамсыз жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча ишке байланыштуу мурдагы алты мамлекеттик кызматкер кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, алар:

-Араван районундагы Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси К.Ш.,

-Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А.,

-Араван райондук жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучусу С.А.,

-райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Ш.А.

-ушул эле башкармалыктын техниги М.З.

-Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган, азыркы учурда ошол эле мекеменин бөлүм башчысы Х.А.

Баары тең Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде тергелип жаткан кылмыш иши боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул эле кылмыш иши боюнча буга чейин да бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалган.

Ушул айдын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп жыйын өткөргөндө Кең-Сай конушуна 2011-жылы 800 млн сом каралып, анын 260 млн сому максатсыз корогонун айтып, ага катышы бар адамдарды жоопко тартууну тапшырган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG