Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Украин дрондору Орусиянын "көмүскө флотуна" таандык танкерге чабуул койду


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) Жер Ортолук деңиздин нейтралдуу аймагындагы Орусиянын "көмүскө флотуна" таандык танкерге дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматы жана "Украинская правда" басылмасы атайын кызматтагы булактарына таянып кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дрондордун соккусунан QENDIL аттуу танкер жабыркады.

MarineTraffic сервиси көрсөткөндөй, ушундай аталыштагы мунай ташуучу танкер Оман желеги астында жүрөт, узундугу 249 метр.

Кеме 1-декабрда Индиянын Сикка портунан чыгып, 1-январда Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга портуна жетиши керек болчу.

19-декабрга караган түнү танкер Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө бараткан.

Украин медиаларына комментарий берген атайын кызматтагы булактын айтымында, дрон соккусунан танкер толугу менен жарактан чыккан.

Ошондой эле билдирүүдө кемеде чабуул учурунда жүк болбогону, ошондуктан аймактагы экологияга коркунуч жаралбаганы белгиленди.

Маалыматка караганда, Орусия бул танкерди санкцияларды айланып өтүү жана Украинага каршы согушту каржылоого багытталган каражаттарды табуу үчүн колдонгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин танкерлерге жасалган чабуулдар тууралуу 19-декабрдагы басма сөз жыйынында комментарий берип, орус аскерлери мындай соккуларга "үзгүлтүксүз жооп берип турарын" билдирди. Анын айтымында, бул жооп чараларды "кубаты, күчү жана тактыгы боюнча Украинанын аракеттери менен салыштырууга болбойт".

28-ноябрда украин коопсуздук күчтөрүнүн деңиз дрондору Түркиянын жээгине жакын жерде KAIROS жана VIRAT танкерлерин бутага алган. 2-декабрда Түркиянын Транспорт министрлиги Кара деңизде дагы бир орус танкери чабуулга кабылганын билдирген. Ал эми 10-декабрда, украин медиаларынын маалыматына ылайык, украин армиясына караштуу деңиз дрондору Кара деңизде Dashan аттуу мунай ташуучу танкерге сокку урган.

Шерине

XS
SM
MD
LG