Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

АКШ Сириянын аймагында согушкерлер бутага алынганын билдирди


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШ аскерлери 19-декабрда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун Сириядагы турумдарына абадан сокку урганын, бутага ондогон объект алынганын Кошмо Штаттардын коргоо министри Пит Хегсет билдирди. Анын айтымында, бул өткөн аптада Пальмирада сириялыктар менен америкалыктардын биргелешкен кайгуул аскерлерине жасалган чабуулга жооп болду. Анда согушкерлердин кол салуусунан АКШнын кеминде үч жараны каза тапкан.

"Бул согуш баштоо эмес, бул өч алуу тууралуу жарыя", - деген Хегсет бутага "согушкерлердин инфраструктурасы, курал-жарак объектилери" алынганын кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө "өтө олуттуу өч алуу соккусу" болгонун жазды.

Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад былтыр жыл аягында козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, Орусияга качууга аргасыз болгон. Бийликти кулаткан күчтөрдүн башында турган "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа убактылуу президент болуп дайындалган.

10-ноябрда аш-Шарааны Трамп Ак үйдө кабыл алып, жолугушуу өткөргөн. Ошол жолугушуудан кийин Сирия "Ислам мамлекети" тобуна каршы 88 өлкөдөн турган эл аралык коалицияга кошулган.

Соңку айларда АКШ баштаган коалиция Сирияда аталган топ менен байланышы бар деп шектелгендерге каршы абадан да, жерден да бир нече жолу чабуул койду. Бул операцияларга сириялык күч кызматкерлери да катышууда.

Азыр Сирияда миңге чукул америкалык аскер бар. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG